# 25-статья. Тендердик табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643072..643073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 25-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-25

---

1. Жөнөтүүчү (подрядчы) тендердик табыштама берилгенде аны менен бирге тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну кошо төгөт, анын өлчөмү сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы тарабынан аныкталат жана жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан тендердик табыштамада сунуш кылынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын 2 пайызынан ашпоого тийиш. Тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү тендердик табыштаманы колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин кеминде 2 жумадан ашпоого тийиш.

1-1. Тендерге катышуу үчүн тендердик табыштаманы кепилдик камсыздоо төмөнкүлөргө кепилдик берүү менен жөнөтүүчүлөр киргизет: мындай табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин тендерге катышуу үчүн өзүнүн табыштамасын чакыртып албайт же болбосо өзгөртпөйт жана (же) толуктабайт; аны тендердин катышуучусу деп тапкан учурда белгиленген мөөнөттө өзүнүн сынактык баасын сунуш кылат, ал эми кийин бул сунушту чакыртпайт; аны тендердин жеңүүчүсү деп аныктаган учурда тендердик документтерде каралган мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди түзөт жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин аткарылышын камсыз кылууну киргизет.

2. Табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу акчалай, облигациялар, банк кепилдиктери түрүндө, ошондой эле сатып алуучу уюмдун уруксаты менен ачык операциялар үчүн кабыл алынган акциялар, көрсөтүүчүгө депозиттик сертификаттар же векселдер түрүндө болушу мүмкүн. Кепилдик жактан камсыз кылуунун айкын формасын сатып алуучу тарап аныктайт.

3. Эң көп чектелген суммадан азыраак сатып алууларда тендердик табыштаманын кепилдик жактан камсыз кылууну төгүүнүн жол-жоболору колдонулбашы мүмкүн.

4. Сатып алуучу уюм төмөндөгүдөй учурларда тендердик табыштаманын кепилдик жактан камсыз кылуусун кайтарып берет:

тендердик документтерде көрсөтүлгөн тендердик табыштаманы кепилдик жактан камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү бүткөндө; тендердик документтерде мындай кепилдик жактан камсыз кылууну берүү каралса, сатып алуу келишимин түзүү жана бул келишимдин аткарылышынын кепилдигин камсыз кылганда; тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин тендердик табыштама кайра алынганда; сатып алуу жол-жоболору сатып алуу келишими түзүлбөй туруп токтотулганда.

5. Талапкер тендердик табыштаманы кепилдик жактан камсыз кылууну кайтаруу укугун төмөндөгүдөй учурларда гана жоготот:

өзүнүн табыштамасында каралган шарттардагы келишимге кол коюудан баш тартканда; келишимдин аткарылышын кепилдик жактан камсыз кылууну берүүдөн баш тартканда; тендердик табыштаманын талапкери аны ачкандан кийин жана анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алып алганда.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-26)
