# 24-статья. Тендердик табыштамаларды колдонуу, өзгөртүү жана кайра алуу мөөнөтү

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 24-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-24

---

1. Табыштамалар тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде күчүндө болот. Мөөнөттүн мындай эсептелиши тендердик табыштамалар ачылган күндөн тартып башталат.

2. Тендердик табыштамалардын колдонуу мөөнөтү өткөнгө чейин сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөрдөн (подрядчылардан) бул мөөнөттү айкын мезгилге узартууну сурана алат.

3. Сатып алуучу уюмдун суроо-талабы четке кагылган учурда жөнөтүүчү (подрядчы) өзүнүн тендердик табыштамасынын кепилдигин камсыз кылуу укугун жоготпойт.

4. Өздөрүнүн тендердик табыштамаларынын колдонуу мөөнөтүн узартууга макул болгон жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) тендердик табыштамалардын колдонуу мөөнөтүнүн кепилдигин камсыз кылууну узартышат же өздөрүнүн тендердик табыштамаларынын колдонушунун узартылган мөөнөтүн жабуу үчүн тендердик табыштамаларга жаңы кепилдиктин камсыз кылуусун беришет.

5. Жөнөтүүчү (подрядчы) өзүнүн тендердик табыштамасынын камсыз кылынышын кайтарып алуу укугун жоготпостон, тендердик табыштама берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн тендердик табыштамасын өзгөртүүгө же кайра алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-25)
