# 22-статья. Тендердик документтерди түшүндүрүү жана өзгөртүү

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 22-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-22

---

1. Жөнөтүүчү (подрядчы) тендердик документтерге түшүнүк берүү жөнүндө сатып алуучу уюмга суроо-талап бере алат. Сатып алуучу уюм 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен мындай суроо-талапка жооп берүүгө жана суроо-талаптын булагын билдирбестен тендердик документтерин беришкен бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) түшүнүк берүүгө тийиш.

2. Өзгөчө учурларда сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейинки ар кандай убакта толуктоо басып чыгаруу аркылуу тендердик документтерди өзгөртө алат. Толуктоо токтоосуз түрдө бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) билдирилет жана мындай жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) үчүн милдеттүү күчкө ээ болот.

3. Эгерде сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен тендердик документтер жагындагы кандайдыр бир маселелерди түшүндүрүү үчүн жолугушуу өткөрсө, ал тендердик документтерге түшүнүк берүү жөнүндө ушул жолугушуунун жүрүшүндө берилген суроо-талаптарды, ошондой эле алардын булагын көрсөтпөстөн, бул суроо-талаптарга берилген жоопторду камтыган протокол түзөт. Протокол токтоосуз түрдө тендердик табыштама алышкан бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилет.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-23)
