# 21-статья. Тендердик документтердин мазмуну

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643072..643073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 21-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-21

---

Тендердик документтер милдеттүү түрдө төмөндөгүдөй бөлүмдөрдөн турат:

- тендердик табыштамаларды даярдоо боюнча нускамалар;

- ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык квалификациялык талаптарга коюлуучу жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) ылайык келишин баалоонун критерийлери жана усулдары;

- өздөрүнун квалификациялык маалыматтарын тастыктоо үчүн жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерди же дагы башка маалыматты талап кылуу;

- сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде техникалык атайын маалыматтардын, пландардын, чиймелердин жана эскиздердин сыпаттамасы жана зарыл болгон техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү; товардын саны; келишимге ылайык көрсөтүлүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөр; жумуштар аткарылуучу же кызмат көрсөтүлүүчү жай;

- келишимди аткаруунун ойдогудай же талап кылынган мөөнөттөрү;

- тендердик табыштамаларды баалоодо сатып алуучу уюм тарабынан пайдаланылуучу баадан тышкары бардык чен-өлчөмдөрдү, анын ичинде акчалай түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш болгон мындай чен-өлчөмдөрдүн салыштырма салмагын жана ушул Мыйзамдын 3-статьясына ылайык берилүүчү жеңилдиктерди сыпаттап жазуу;

- сатып алуучу уюм тарабынан зарыл нерсе катары аныкталган, жазуу жүзүндөгү келишимге киргизилүүчү жоболор;

- эгерде жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн бир бөлүгүнө гана тендердик табыштамаларды берүү уруксаты берилсе, тендердик табыштамалар берилиши мүмкүн болгон сатып алынуучу товарлардын бир бөлүгүн же бөлүктөрүн сыпаттап жазуу;

- тендердик табыштаманын наркын эсептөөнүн жана көрсөтүүнүн ыкмасы, анын ичинде сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнүн наркынан (ташууга жана камсыздандырууга, бажы алымдарына жана салыктарга жана башкаларга кеткен чыгымдар) башка элементтердин баасын камтышын көрсөтүү;

- тендердик табыштамаларды чет өлкөлүк валютада берген учурда чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн тендердик табыштамалардын бааларын салыштыруу ыкмасы;

- тендердик табыштаманы жана келишимдин аткарылышын камсыз кылуунун суммасына жана дагы башка негизги шарттарына карата талаптар, ошондой эле мындай кепилдиктерди колдонуу мөөнөтү;

- тендердик табыштамаларды берүүнүн такталган орду жана мөөнөттөрү;

- жөнөтүүчү (подрядчы) сураган тендердик документтер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнүн жол-жоболорунун сыпаттамасы, ошондой эле сатып алуучу уюмдун ушул тапта жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен жолугушууга ниеттене тургандыгын билдириши;

- тендердик табыштамалар күчүндө болгон мөөнөт;

- тендердик табыштамаларды ачуучу жайдын, күнүнүн жана убактысынын так көрсөтүлүшү;

- тендердик табыштамаларды ачууда жана кароодо пайдаланылуучу жол-жоболор;

- тендердик табыштамаларды даярдоодо колдонулуучу тил же тилдер;

- сатып алуучу уюмдун жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен түздөн-түз байланыш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бир же бир нече кызмат адамынын же кызматчыларынын фамилиясы, ысымы, кызматы жана дареги, ошондой эле байланыш жүргүзүү ыкмалары;

- жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерине же чечимдерине даттануу укугу жөнүндө билдирүүсү;

- эгерде сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы жөнөтүүчүлөрдөн (подрядчылардан) келишимге кол коюну талап кылса, сатып алуулар боюнча келишимдин жалпы шарттары жана келишимдин формасы.

2. Сатып алуучу уюм жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда сатып алуучу нерсенин сыпаттамасы, сметасы жана жумуштун көлөмүнүн ведомостунан турган документтери болууга тийиш.

3. (КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-22)
