# 2-статья. Жөнгө салуунун жүйөсү

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 236 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/203193)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643071..643072>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 2-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-2

---

1. Ушул Мыйзам толугу менен же жарым-жартылай мамлекеттик каражаттардын эсебинен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга карата колдонулат.

2. Ушул Мыйзам мамлекеттик коопсуздук, улуттук коргонуу, мамлекеттик сырды сактоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана табигый кырсыктарга түздөн-түз байланышкан сатып алууларды жөнгө салбайт, аларды уюштуруу сатып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын колдонулушунан качуу үчүн бөлүп-бөлүп сатып алууга же сатып алуулардын наркын төмөндөтүүгө укуксуз.

(КР 2009-жылдын 20-июлундагы №236 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-1-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-3)
