# 19-статья. Тоорукка катышууга чакыруу кагазынын мазмуну

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643072..643073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 19-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-19

---

1. Тоорукка чакырган кагаз жок эле дегенде төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

сатып алуучу уюмдун аталышын жана юридикалык дарегин; жөнөтүлүүгө тийиш болгон товарлардын мүнөзүн, тизмегин, санын жана жөнөтүлө турган жерди; аткарылууга тийиш болгон жумуштардын мүнөзүн, тизмегин жана жерин же болбосо алар көрсөтүлүүгө тийиш болгон; товарларды жөнөтүүнүн ойдогудай же талап кылынган, же жумуштарды же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдүн графигин бүткөрүүнүн мөөнөттөрү; жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) коюлуучу талаптар; кайсы өлкөдөн экенине карабастан жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) сатып алуулардын жол-жоболоруна катыша ала тургандыгы тууралу билдирүүсү, же ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 1-пунктуна ылайык ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер бериле тургандыгы жөнүндө билдирүү; тендердик документтерди ала турган жер жана анын жолдору, ал үчүн сатып алуучу уюм тарабынан төлөнө турган акы (эгерде ал белгиленсе); тендердик табыштамаларды берүүчү жер жана мөөнөттөр; тендердик табыштамаларды ачуучу жер жана мөөнөттөрү.

2. Тоорукка катышууга чакырган кулактандырууда кеминде ушул статьянын 1-пунктунун экинчи, үчүнчү, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу абзацтарында белгиленген маалыматтар жана сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы сыпаттамасы камтылууга тийиш.

3. Сатып алуучу уюм өткөрүлө турган тендердин тендердик документтери иштелип чыккандан кийин гана тендерди жарыялайт.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-20)
