# 18-статья. Чектелбеген жана чектелген катышуу менен тооруктар

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643074..643075>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 18-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-18

---

1. Чектелбеген катышуу менен тоорук өткөргөн учурда сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууну каалаган жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) санына чек коюлбайт. Мында бир гана жөнөтүүчү (подрядчы) катышкан тоорук болгон жок деп таанылат.

2. Чектелген катышуу менен тоорук төмөндөгүдөй учурларда өткөрүлөт, эгерде:

тендердик табыштамалардын саны көп болгондо, аларда кароо жана баалоо үчүн талап кылынуучу чыгашалар сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына ылайык келбесе; товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр техникалык жагындагы өздөрүнүн татаалдыгынын деңгээли же адистештирилишинин мүнөзүнө байланыштуу жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) чектелүү чөйрөсүндө гана болсо.

3. Чектелген катышуу менен тоорук өткөргөн учурда сатып алуучу уюм атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жетишээрлик сандагы, бирок үчтөн кем болбогон тендердик табыштамаларды тартат.

4. Сатып алуучу уюм чектелген катышуу менен тоорук өткөргөн учурда сатып алуулар жөнүндө кабарлоону жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенине жарыялайт.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-19)
