18-статья. Чектелбеген жана чектелген катышуу менен тооруктар
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 августа 2012 года № 164
1. Чектелбеген катышуу менен тоорук өткөргөн учурда сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууну каалаган жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) санына чек коюлбайт. Мында бир гана жөнөтүүчү (подрядчы) катышкан тоорук болгон жок деп таанылат.
2. Чектелген катышуу менен тоорук төмөндөгүдөй учурларда өткөрүлөт, эгерде:
тендердик табыштамалардын саны көп болгондо, аларда кароо жана баалоо үчүн талап кылынуучу чыгашалар сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына ылайык келбесе; товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр техникалык жагындагы өздөрүнүн татаалдыгынын деңгээли же адистештирилишинин мүнөзүнө байланыштуу жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) чектелүү чөйрөсүндө гана болсо.
3. Чектелген катышуу менен тоорук өткөргөн учурда сатып алуучу уюм атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жетишээрлик сандагы, бирок үчтөн кем болбогон тендердик табыштамаларды тартат.
4. Сатып алуучу уюм чектелген катышуу менен тоорук өткөргөн учурда сатып алуулар жөнүндө кабарлоону жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенине жарыялайт.
(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
10.08.2012 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каалаган жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) санына чек коюлбайт. кошулду: Мында бир гана жөнөтүүчү (подрядчы) катышкан тоорук болгон жок деп таанылат. 2. Чектелген катышуу менен тоорук төмөндөгүдөй учурларда өткөрүлөт, … жана Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенине жарыялайт. кошулду: (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-18" title="18-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>