# 17-статья. Мамлекеттик сатып алуулардын усулдары

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2011 [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331); 28.07.2008 [Закон КР от 28 июля 2008 года № 172 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/202383)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643072..643073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 17-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-17

---

1. Мамлекеттик сатып алуулар төмөндөгүдөй усулдар менен жүзөгө ашырылат:

катышуучулардын санына чек койбогон тоорук; катышуучулары чектелген тоорук; кош этаптуу тоорук; котировкалардын суроо-талабы; бир гана жерден сатып алуулар; мамлекеттик электрондук сатып алуулар; электрондук кайтарылуучу аукцион.

2. Катышууга чектөө коюлбаган тооруктар жана мамлекеттик электрондук сатып алуулар мамлекеттик сатып алуулардын негизги усулу болуп саналат. Максималдуу чектелген суммаларга барабар же андан ашык суммага тооруктарды өткөрүүдө катышууга чектөө коюлбаган тооруктар же мамлекеттик электрондук сатып алуулар усулдары колдонулат.

Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуу усулун тандоону (ушул Мыйзамдын 38-статьясынын 3-пунктуна ылайык бир булактан алуу усулунан тышкары) сатып алуучу уюм тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат. (Үчүнчү абзац КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Эң көп чектелген суммага барабар же андан да көбүрөөк суммада сатып алууларды жүргүзгөн учурда тоорук тууралу кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенинде жарыяланат; Эң көп чектелген суммадан азыраак сатып алган учурда кулактандыруу Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенинде жарыяланат. Эң аз чектелген суммадан азыраак сатып алган учурда кулактандырууну жарыялоо милдеттүү эмес.

3. Дары-дармек каражаттарын жана медициналык арналыштагы буюмдарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172, 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-18)
