# 16-статья. Жашыруундуулук принциби

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 16-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-16

---

1. Сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучулар коммерциялык сыр болуп саналган маалыматты камтыган берилүүчү жана пайдаланылуучу маалыматтын жашыруундуулук принцибин сактоого милдеттүү; аны үчүнчү бир жактарга берүү өзара макулдашылган шарттарда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана болушу мүмкүн.

Мында сатып алуучу уюм төмөндөгүлөрдү ачууга укугу жок: эгерде маалыматты ачып салуу мамлекеттин таламдарына жооп бербесе, тараптардын маанилүү коммерциялык таламдарына же адилеттүү атаандаштыктын принциптерине зыян келтирген маалыматты; ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 1-пунктунун бешинчи абзацында каралган маалыматтардан башка берилген тендердик табыштамаларды, котировкаларды же алардын бааларын иликтөөгө, баалоого жана салыштырууга байланышкан маалыматты.

2. Сатып алуулардын жол-жоболорунун катышуучулары жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) коммерциялык сыр болгон маалыматын жарыялаган учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарга келтирилген чыгымдын орду толтурулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-17)
