# 15-статья. Талапкер

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 15-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-15

---

1. Жөнөтүүчү (подрядчы) талапкер статусуна тендердик документтерди алган учурдан тартып ээ болот.

Талапкердин статусу төмөндөгүдөй учурларда:

- талапкердин каалоосу боюнча - даярдык көрүүнүн ар кандай учурунда;

- кош этаптуу тооруктун биринчи этабынан өтпөй калуу кесепетинен;

- тендердик табыштаманы берген учурда тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу акысын төкпөгөндө;

- талапкер тарабынан ушул Мыйзам же өзүнө белгилүү болгон тооруктун шарттары бузулганда күчүн жоготот.

2. Талапкер сатып алуучу уюмдан сатып алуулардын жол-жоболорун өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө толук маалымат алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-16)
