# 14-статья. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2013 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203956)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2013 [Закон КР от 17 июля 2013 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203956); 08.07.2011 [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331); 28.07.2008 [Закон КР от 28 июля 2008 года № 172 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/202383)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643076..643077>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 14-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-14

---

1. (Биринчи абзац КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан жобонун негизинде электрондук системанын жардамы менен соода уюштурууга укуктуу.

2. (КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги иш-милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:

- мамлекеттик сатып алуулардын тутумунун иштеши үчүн сатып алуунун тартибин жана жол-жоболорун, келишимдерди түзүүнү жана алар боюнча төлөп берүүнү камтыган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;

- мамлекеттик каражаттын эсебинен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана жөнгө салып туруу;

- сатып алуучу уюмдардын, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдердин, мамлекеттик сатып алуулардын ишенимсиз жана ак ниет эмес катышуучуларынын бирдиктүү республикалык реестрин түзүү жана жүргүзүү;

- мамлекеттик органдарга товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда, сатып алуулардын жол-жоболору жана консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча персоналдарды окутууну камтуу менен көмөк көрсөтүү;

- сатып алуулардын жол-жоболорунун ачыктыгын жана маалымдуулугун камсыз кылуу;

- даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, алар боюнча өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарда каралган корутундуларды чыгаруу.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды тапканда ушул Мыйзамдын 65-статьясынын 1-пунктунун экинчи-алтынчы абзацтары менен каралган ченемдерди колдонууга, сатып алуучу уюмдарга бузууларды жоюуну сунуш кылууга жана жол берилген бузуулар жөнүндө тиешелүү органдарга кабарлоо жиберүүгө милдеттүү.

5. (КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Өз компетенциясынын чегинде чыгарылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актылары бардык министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик уюмдар менен мекемелер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172, 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 , 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-15)
