Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамле- кеттик комитетинин алдындагы «Укук» мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токто- муна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-07-24.
КР 2021-жылдын 24-июлундагы № 88Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 340 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Укук" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Укук" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, чарба жүргүзүү укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын уюштуруучусу болуп саналат.
4. Ишкананын фирмалык аталышы бар:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Укук" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Укук" при Государственном комитете информационных технологий и связи Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Укук" МИ;
- расмий тилде: ГП "Укук".
5. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн өзү каржылоо принцибинде иш жүргүзөт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жооп берүүчү болууга укуктуу.
6. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
8. Ишкананын юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Үмөталиев көч., 41.
9. Укук коргоо органдары, коргоо, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын, чек аралык контролдоо, өрт жана радиациялык коопсуздук, бажы контролу, улуттук коопсуздук, прокуратура, ошондой эле мамлекеттик финансы-экономикалык контролдоо жана миграция маселелерин тейлеген органдар (мындан ары - мамлекеттик органдар) үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгууну жана аларды коштоону ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
10. Ишкананын ишинин негизги максаты болуп мамлекеттик органдардын ишин автоматташтыруу процессин башкаруу, маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде маалыматтык системаларды жана маалыматтык ресурстарды иштеп чыгуу, ишке киргизүү, эксплуатациялоо, тейлөө жана өнүктүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү, маалыматтардын коопсуздугун сактоо жана камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык колдоону камсыз кылуу эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Уставда аталган максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу;
- электрондук башкаруу, маалыматташтыруу, электрондук маалыматтык жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө долбоорлорду жана башка электрондук тиркемелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
12. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- электрондук башкаруу жатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча мамлекеттик органдардын мамлекеттик маалыматтык системаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- документтерди техникалык баалоо жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча жумуштарды аткаруучуларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо жана алар менен подряд келишимдерин түзүү;
- жумуштарды координациялоо жана жаңыдан түзүлүүчү жана тандалып алынган подрядчылар тарабынан ишке ашырылуучу өз алдынча маалыматтык системаларды иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө долбоорду башкаруу;
- мамлекеттик органдардын пайдаланууга киргизилген маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо;
- техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо;
- мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын колдонуучуларды аларды пайдаланууда окутуу;
- мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын колдонуучуларды колдоо боюнча иштерди камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдарда маалыматтык системаларды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актылардын жана уюштуруучу-тескөөчү документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (мындан ары -МКТ) жаатындагы, анын ичинде МКТ-продуктуларынын жана сервистердин функциялык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу боюнча улуттук стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- мамлекеттик органдарга, жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык технологиялар жаатындагы консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- маалыматтык технологиялар жаатында илимий-изилдөө, билим берүү жана инновациялык иштерди жүргүзүү;
- бардык укук коргоо, көзөмөлдөө, улуттук коопсуздук органдарынын, мамлекеттик финансы-экономикалык контролдоо органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын, анын ичинде бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды эсепке алууну жана каттоону камсыз кылган маалыматтык системаларды түзүү, эксплуатациялоо, өнүктүрүү, модернизациялоо, макулдашуу боюнча жоюу, коштоо боюнча функциялар;
- маалыматтык системалардын операторунун/администраторунун функцияларын аткаруу;
- бардык укук коргоо органдарында жана башка органдарда техникалык инфратүзүмгө (электрондук колтамга, серверлер, компьютерлер, системанын (имараттын) ичиндеги локалдык тармактар, тышкы тармак ж.б.) карата бирдиктүү талаптарды иштеп чыгууга катышуу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
13. Ишкана ушул Уставда аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- рыноктун конъюнктурасына жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого, мында монополияга каршы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген нарктан төмөн эмес;
- кеңешме, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
- өз функцияларын аткаруу үчүн эл аралык финансы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк же мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга, милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жооп берүүчү болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын иштерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте жеке жактарды тартууга;
- зарыл болгон учурда Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинен чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;
- зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
- менчик ээсинин макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнө ыкчам башкаруу укугунда таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка мүлктөрдү юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишин камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга;
- жарнама берүүчү болууга.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ишкана ушул Уставда аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- алар үчүн Ишкана жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн милдеттерин, мөөнөтүн баалоону, бюджеттерин аныктоо үчүн санариптештирүү жаатындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шартын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө жана салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталуучу тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;
- ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.
15. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголуучу сырды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын жекече турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешеси бар маалыматтарды жашыруун сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
16. Ишкананы Ишкананын директору башкарат.
17. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ишкананын директору:
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш жүргүзөт, келишимдерди түзөт;
- ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- каражаттарды тескөө укугун пайдаланат;
- белгиленген тартипте Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Ишкананын кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке кабыл алат жана иштен бошотот, эмгегин өбөлгөлөө маселелерин чечет.
19. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
20. Ишканада директордун бир орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ишкананын директорунун орун басары электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
22. Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин Ишкананын директорунун сунушу боюнча электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Ишкананын башка уюмдар, жалданма жумушчулар, чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү жарандар менен мамилеси келишимдердин негизинде түзүлөт.
5. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
24. Ишкана өз ишин электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жылдык иш планынын же 3 жылга жана андан ашык мезгилге түзүлгөн узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
25. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
26. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбачылык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын аныктоодо эркин.
27. Ишкана өз ишинин жыйынтыктарынын бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
28. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин тескеген мамлекеттик органга финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
30. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
31. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
6. Ишкананын мүлкү жана финансы
32. Ишкана мамлекеттик мүлктү ыкчам башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мамлекеттин менчиги болгон жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананы балансына өткөрүп берилген кыймылсыз мүлк объектилерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү ыкчам башкаруу укугу мүлктү пайдаланууга негиз болуп саналат.
33. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
34. Ишкананын мүлкүн төмөнкү булактар түзөт:
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз мүлкүн пайдалануудан алган пайда.
35. Ишкана тарабынан өз финансылык-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жаңыдан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат.
36. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
37. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгуу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
38. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
39. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2019 · № 340 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабры № 643 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маселелери…Постановление · 31.12.2020 · № 643 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы…Постановление · 24.07.2021 · № 88
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон