# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 338 "2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 338 "2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 338
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14537>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2951/edition/1090156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14537.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 338 "2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому (18.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14537

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-июлу № 338 2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябры № 557 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Расмий тилде тиркелген: 2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябры № 557 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 9-июлундагы N 57 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
