Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-июлу № 338 2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябры № 557 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Расмий тилде тиркелген: 2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябры № 557 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 9-июлундагы N 57 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18 октябрындагы № 557 "“2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттер…Постановление · 18.10.2019 · № 557
- ПРОТОКОЛ от 1 июня 2018 года о внесении изменений в Соглашение о сот- рудничестве и взаимопомощи в таможенных делах от 15 апреля 1994 годаПротокол · 01.06.2018
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.