# 45-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: X Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 45-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-45

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ал расмий жарыяланган учурдан тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде:

- ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну камсыз кылсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 68-ст.); "Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 69-ст); "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 8-июнундагы № 76 Мыйзамы; ("Эркин -Тоо", 1998-жылдын 17-июну № 75-76); "Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-ноябрындагы № 225 Мыйзамы ("Эркин-Тоо", 2003-жылдын 21-ноябры, № 87).

| Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Акаев |

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-44)
