# 4-статья. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185287..1185288>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 4-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-4

---

1. Техникалык жөнгө салуу жаатындагы бирдиктүү саясатты ишке ашыруу максатында техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

1) иштерди координациялоо жана техникалык жөнгө салуу тутумунун катышуучуларынын ишин методологиялык камсыздоо;

2) аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жарандык коомдун сунуштарынын негизинде Техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу программасын түзүү боюнча иштерди координациялоо жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө берүү;

3) техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды кабыл алуу жана актуалдаштыруу боюнча иштерди координациялоо жана уюштуруу;

4) эксперттик комиссияларда техникалык регламенттердин долбоорлоруна талдоо жүргүзүү боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылуу;

5) техникалык жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик органдардын тармактар аралык иштерин координациялоону жүзөгө ашыруу;

6) техникалык жөнгө салуу боюнча интеграцияланган маалыматтык тутумдун иштөөсүн камсыз кылуу;

7) техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.

2. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) функцияларын жүргүзүүгө укуксуз.

3. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган Дүйнөлүк соода уюмунун соодадагы техникалык бөгөттөр боюнча макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат.

(КР 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 565 “Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 267 Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органын аныктоо жөнүндө” токтому

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-5)
