# 39-статья. Продукциянын жана/же ага коюлган талаптар мененбайланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбей калышы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: VII Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030476)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.01.2025 [Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030476); 03.08.2022 [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415); 23.03.2021 [Закон КР от 23 марта 2021 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по приведению в соответствие с кодексами Кыргызской Республики о нарушениях и о проступках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112198); 15.11.2014 [Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205374); 16.11.2009 [Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203232)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185288..58158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 39-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-39

---

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерин жүргүзүүдө техникалык регламенттердин талаптарынын бузулушун жоюу жөнүндө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругун аткарбаган учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Жүгүртүүгө чыгарылган продукция техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбей калган учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Даярдоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) зыяндын ордун толтуруу жагындагы милдети келишим же ордун толтуруу негизи келип чыккандагы бир жактуу билдирүү менен чектелбөөгө тийиш. Зыяндын ордун толтуруу укугу келип чыкканга чейинки түзүлгөн макулдашуу же жоопкерчиликти чектөө жөнүндөгү арыз түккө турбайт.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2021-жылдын 23-мартындагы № 39, 2022-жылдын 3-августундагы № 79, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-40)
