# 38-статья. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда мамлекеттик көзөмөлдүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: VII Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2022 [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415); 23.03.2021 [Закон КР от 23 марта 2021 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по приведению в соответствие с кодексами Кыргызской Республики о нарушениях и о проступках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112198)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185287..1185288>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 38-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-38

---

1. Мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана алардын кызмат адамдары техникалык регламенттин жоболорун сактоо үчүн көзөмөл боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө өздөрүнүн иш-милдеттерин жана кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган укукка жат аракеттерди (аракетсиздикти) жасаганда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

2. Мыйзамдардын бузулушуна күнөөлүү болгон кызмат адамдарына карата көрүлгөн чаралар жөнүндө мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары бир айлык мөөнөттүн ичинде укугу жана мыйзамдуу кызыкчылыгы бузулган адамга билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 39, 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-39)
