# 37-статья. Мамлекеттик контроль (көзөмөл) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: VI Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2022 [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415); 25.12.2014 [Закон КР 25 декабря 2014 года № 163 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики “Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205384); 15.11.2014 [Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205374); 16.11.2009 [Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203232)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185287..1185288>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 37-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-37

---

1. Ушул Мыйзамдын жоболорунун жана техникалык регламенттердин талаптарынын негизинде мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

даярдоочулардан (аткаруучулардан, сатуучулардан) шайкештик жөнүндө декларацияны же шайкештик сертификатын талап кылууга, эгерде мындай документтердин болушу тиешелүү техникалык регламенттерде каралган болсо; даярдоочуну (аткаруучуну, сатуучуну) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартууга.

2. Мамлекеттик контроль (көзөмөл) даярдоочулардын (аткаруучулардын, сатуучулардын) чарбалык ишин жүргүзүүдө мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) максаттарына жетишине эң төмөнкү деңгээлиндегисине караганда көбүрөөк деңгээлдеги тоскоолдуктарды түзбөшү керек.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

көзөмөл боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, колдонуудагы болгон техникалык регламенттер тууралу даярдоочуларга, (аткаруучуларга, сатуучуларга) маалымат берүүгө; коммерциялык сырды жана мыйзам менен коргоого алынган дагы башка сырларды сактоого; мамлекеттик контроль (көзөмөл) боюнча колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген иш-чараларды өткөрүүнүн жана жол-жоболорунун тартибин сактоого; даярдоочулардын (аткаруучулардын, сатуучулардын) чарбалык ишин жүргүзүүгө эң төмөнкү деңгээлде таасир тийгизген, техникалык регламенттердин талаптарынын бузулушунун кесепеттерин четтетүү үчүн мамлекеттик контроль (көзөмөл) боюнча иш-чаралардын натыйжалары боюнча чараларды көрүүгө.

4. Техникалык регламенттердин талаптарынын бузулганы билинген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөндөгүлөргө укуктуу:

бузуунун мүнөзүнүн негизделишин эске алуу менен, бузууларды убагында четтетүүнү талап кылууга; жасалган жана (же) сатылып жаткан коркунучтуу продукцияга кызыгдар болгон жактарга же потенциалдык керектөөчүлөр түздөн-түз, же жалпыга маалымдоо каражаттары аркалуу кабар берүүгө; продукцияга ээлик кылууга (сатып өткөрүүгө) жана (же) башка жактарга берип жиберүүгө тыюу салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган аракеттерди жасоого; соттун чечиминин негизинде продукция өндүрүп чыгаруу процессине толук же жарым-жартылай тыюу салуу (токтото туруу), сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана пайдалануу, ошондой эле жүгүртүүдөн алып салуу боюнча аракеттерди жасоого. Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоо-тиричилигине коркунуч келтирген авариялар же эпидемиялар пайда болуучу өзгөчө учурларда же өзгөчө кырдаалдарда долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерин өндүрүүчүгө (аткаруучуга, сатуучуга) жазма буйрук жана/же пломба коюу жолу менен тыюу салуу (убактылуу токтотуу) жөнүндө чечимди кабыл алууга; зыяндын келтирилишине жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка чараларды көрүүгө; Кыргыз Республикасынын аймагында сатылууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-38)
