# 35-статья. Мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) объекттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: VI Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2019 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111937)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185285..1185286>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 35-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-35

---

1. Продукцияга жана (же) ага карата коюлуучу талаптар менен байланышкан долбоорлоо процесстери (иликтөөнү кошуп алганда) жана техникалык регламенттердин талаптары колдонулган өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу. сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү объекти болуп саналат.

2. Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда тиешелүү техникалык регламенттер үчүн белгиленген изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелери жана усулдары пайдаланылат.

3. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-36)
