# 33-статья. Аккредиттөөнүн принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: V Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185287..1185288>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 33-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-33

---

1. Аккредиттөө төмөндөгүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

ыктыярдуулуктун; аккредиттөө эрежелеринин ачыктыгынын жана жетимдүүлүгүнүн; аккредиттөөнү жүзөгө ашырган органдын компетенттүүлүгүнүн жана адилеттүүлүгүнүн; атаандаштыктын чектелишине жана шайкештикти баалоо боюнча аккредиттөө органдарынын кызматынан пайдаланууга тоскоолдуктарды түзүүгө жол бербөөнүн; аккредиттөөнү алууга талапкер болгон бардык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, укуктарынын теңдигин камсыз кылуу; аккредиттөө боюнча иштердин жүрүшүндө алынган жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун; аккредитациялоо, шайкештикти тастыктоо жана мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү боюнча функцияларды бир уюмда айкалыштырууга жол берилбестиктин.

2. Аккредиттөө эларалык ченемдерге жана эрежелерге негизделет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-34)
