33-статья. Аккредиттөөнүн принциптери
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · V Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2022 года № 79
1. Аккредиттөө төмөндөгүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
ыктыярдуулуктун; аккредиттөө эрежелеринин ачыктыгынын жана жетимдүүлүгүнүн; аккредиттөөнү жүзөгө ашырган органдын компетенттүүлүгүнүн жана адилеттүүлүгүнүн; атаандаштыктын чектелишине жана шайкештикти баалоо боюнча аккредиттөө органдарынын кызматынан пайдаланууга тоскоолдуктарды түзүүгө жол бербөөнүн; аккредиттөөнү алууга талапкер болгон бардык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, укуктарынын теңдигин камсыз кылуу; аккредиттөө боюнча иштердин жүрүшүндө алынган жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун; аккредитациялоо, шайкештикти тастыктоо жана мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү боюнча функцияларды бир уюмда айкалыштырууга жол берилбестиктин.
2. Аккредиттөө эларалык ченемдерге жана эрежелерге негизделет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-33" title="33-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>