31-статья. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо жаатындагы билдирүүчүнүн укугу менен милдеттери
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · IV Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2022 года № 79
1. Билдирүүчү төмөндөгүлөргө укуктуу:
тийиштүү техникалык регламенттин ошол продукция үчүн каралган формалар менен схемалардын ичинен шайкештикти тастыктаган форма менен схеманы тандап алууга; билдирүүчү сертификаттоого ниеттенип аккредиттөө жаатында продукцияны камтыган сертификаттоо боюнча аккредиттелген кайсы гана орган болбосун сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн кайрылууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сертификаттоо боюнча органдардын жана аккредиттелген сыноо лабораторияларынын укукка жат аракеттерине даттануулары менен аккредиттөө боюнча органга кайрылууга; техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын аракеттерине сот тартибинде даттанууга.
2. Билдирүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
продукциянын техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин камсыз кылууга; шайкештикти тастыктоо жол-жоболору жүргүзүлгөндөн кийин гана шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияны чыгарууга; мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, ошондой эле таламдаш жактарга продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдөгү талаптарга документалдуу тастыктамасын (шайкештик жөнүндө декларацияны же шайкештик сертификатын же алардын көчүрмөсүн) берүүгө; эгерде шайкештик сертификатынын же шайкештик жөнүндө декларациянын колдонуу мөөнөтү аяктаса, же шайкештик сертификатын, шайкештик жөнүндө декларацияны колдонуу убактылуу токтотулуп турса же токтотулса, анда продукциянын жеткирилиши токтотулуп турат же токтотулат; продукцияны жеткирүү жана сатуу убактылуу шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоодон өтүп, техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбегендиги аныкталса, продукцияны жеткирүү же сатуу убактылуу токтотулуп турат же токтотулат. (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР 25 декабря 2014 года № 163 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики “Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-31" title="31-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>