3-статья. Техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · I Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2025 года № 6
1. Техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, стандартташтыруу жаатындагы мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынуучу дагы башка мыйзамдардан, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунан турат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсүнө тиешелүү болгон Кыргыз Республикасынын аймактарында колдонулуп жаткан мыйзамдардын жана дагы башка ченемдик укуктук актылардын жоболору, ага ылайык кабыл алынган техникалык регламентке жана ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, дагы башка аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары сунуш берүү мүнөзүндөгү гана техникалык жөнгө салуу жаатындагы актыларды чыгарууга укуктуу.
4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартип менен күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эларалык келишимде ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынган техникалык регламентте камтылган башка эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.
5. Шайкештикти баалоо боюнча, ошондой эле коргонуу жагындагы продукцияга жана алар тууралу мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарга мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жана контроль боюнча документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 679 “Коргонуу продукцияларын (жумуштарын, кызматтарын) жана маалыматтары мамлекеттик жашыруун сырды түзө турган продукцияларды (жумуштарды, кызматтарды) стандартташтыруу боюнча документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР 25 декабря 2014 года № 163 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики “Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
11.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, алынып салынды: ага кошулду: стандартташтыруу жаатындагы мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынуучу дагы башка мыйзамдардан, Кыргыз Республикасынын … эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.
кошулду: 5. Шайкештикти баалоо боюнча, ошондой эле коргонуу жагындагы продукцияга жана алар тууралу мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарга мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жана контроль боюнча документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 679 “Коргонуу … алуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуалынып салынды: 5. Стандартташтыруу, шайкештикти баалоо боюнча, ошондой эле коргонуу жагындагы продукцияга жана алар тууралу мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарга мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>