Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-статья. Кыргыз Республикасынын аймагына шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияны ташып келүүнүн шарттары
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · IV Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2025 года № 6
1. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукцияны товарды ээликтен ажыратуу же аны Кыргыз Республикасынын аймагында өз арналышына ылайык пайдалануу мүмкүндүгү каралган бажы жол-жоболорунун астында жайгаштыруу үчүн, бажы органдарына бажы декларациясы менен бирдикте, шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация берилет.
2. Ушул статьянын 1-пункту колдонула турган Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасынын коддорун, анын зарыл түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле сертификация боюнча аккредиттелген органдардын жана тастыктоочу документтердин аталышын көрсөтүү менен бажы жагынан жол-жоболоштуруунун максаттары үчүн продукциянын конкреттүү түрлөрүнүн тизмеси техникалык регламенттердин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу Кыргыз Республикасынын аймагынан өтүп баратканда ушул статьянын 1-пунктуна шайкештик көрсөтүлө турган продукциянын тизмесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети техникалык регламенттердин негизинде түзөт жана жарыялайт.
3. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон жана ушул статьянын 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна ылайык аныкталуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилүүчү жана ээликтен ажыратуу мүмкүндүгү каралбаган бажы жол-жоболорунун астында жайгаштырылуучу продукция ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайкештик жөнүндө документтер берилбестен Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан чыгарылып берилет.
4. Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон жана ушул статьянын 2-пунктунун жоболоруна ылайык аныктала турган продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2022-жылдын 3-августундагы № 79, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
11.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен бажы жагынан жол-жоболоштуруунун максаттары үчүн продукциянын алынып салынды: айкын кошулду: конкреттүү түрлөрүнүн тизмеси техникалык регламенттердин негизинде Кыргыз … 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2019-жылдын 29-мартындагы № алынып салынды: 40 кошулду: 40, 2022-жылдын 3-августундагы № 79, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 11.01.2025 · № 6
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Милдеттүү сертификациялоо формасында шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз…Постановление · 11.01.2006 · № 8 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-29" title="29-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>