# 27-статья. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо формасы катарында сертификаттоону уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030476)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.01.2025 [Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030476); 03.08.2022 [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415); 15.11.2014 [Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205374)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185288..58158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 27-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-27

---

1. Сертификаттоо шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо формасы катары сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

11. (КР 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Сертификаттоо боюнча орган:

техникалык регламентте (техникалык регламенттерде) белгиленген талаптарга ылайык сертификаттоо жол-жобосун жүргүзөт, эгерде мындай контроль тиешелүү сертификаттоо схемасында каралса, сертификаттоо объекттерин контролдоону жүзөгө ашырат; аларга берилген шайкештик сертификатынын колдонулушун токтотуп турат же жокко чыгарат; сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө билдирүүчүгө маалымдоону камсыз кылат; берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт.

3. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы катары сертификат боюнча иштерди жүргүзгөндөгү сыноолор аккредиттелген сыноо лабораториялары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Аккредиттөөнүн өз жаатынын чегинде сыноо лабораториялары продукцияга сыноо өткөрүшөт. Сертификаттоо боюнча орган сертификаттоо өткөрүү тууралу табыштама менен кайрылган жак жөнүндө сыноо лабораториясына маалымат берүүгө укуксуз.

4. Сыноонун натыйжалары тиешелүү протоколдор менен жол-жоболоштурулат, анын негизинде сертификаттоо боюнча орган шайкештик жөнүндө чечим кабыл алат же жүйөлөштүрүү менен шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартат.

5. Техникалык регламенттин талаптарына шайкештикти милдеттүү баалоону (ырастоону) шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча ыйгарым укуктуу органдар да жүзөгө ашыра алат.

Шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча ыйгарым укуктуу органдарга ыйгарым укук берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2022-жылдын 3-августундагы № 79, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-28)
