# 25-статья. Шайкештикти декларациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2019 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111937)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185285..1185286>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 25-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-25

---

1. Шайкештикти декларациялоо, эгерде ал техникалык регламентте каралган болсо, төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

өзүнүн далилдеринин негизинде шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуу менен; өзүнүн далилдеринин жана үчүнчү жактын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуу менен. Продукцияны декларациялоо ыкмасы, схемасы жана жол-жоболору техникалык регламент менен белгиленет.

2. Шайкештикти декларациялоодо даярдоочу же сатуучу же болбосо даярдоочунун ыйгарым укуктуу адамы болуп саналган жеке ишкер катары юридикалык жак же жеке жак билдирүүчү болушу мүмкүн.

Ушул статьяга ылайык, билдирүүчү тарабынан кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларация Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестринде катталууга жатат. Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Шайкештик жөнүндө декларациянын колдонуу мөөнөтү техникалык регламентте аныкталат.

3. Шайкештик жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-26)
