# 24-статья. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030476)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185288..58158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 24-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-24

---

1. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо тиешелүү техникалык регламент белгиленген учурларда гана жүргүзүлөт.

2. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун объектиси Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүлүүгө түшкөн жана техникалык регламенттин талаптарына карата түшкөн гана продукция болушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүлүүгө түшкөн жана билим берүү чөйрөсүндө коммерциялык эмес максаттарда колдонулуучу продукция шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун объекти болуп саналбайт.

3. Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциялар техникалык регламенттин талаптарына ылайык келишин тастыктаганда Кыргыз Республикасынын рыногуна уруксат берилет.

Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон тастыктоочу документи жок продукцияларды жарнамалоого тыюу салынат.

4. Айкын продукциялар, жол-жоболор жана шайкештикти тастыктоонун схемаларына карата шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы, техникалык регламенттин максаттарга жетпеген тобокелдик даражасын эске алуу менен техникалык регламентте гана белгилениши мүмкүн.

5. Шайкештик жөнүндө декларация жана шайкештик сертификаты Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында бирдей күчкө ээ.

6. Иштерге акы төлөө билдирүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат жана шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо боюнча жүргүзүүгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдардан чогултулат. Мындай иштердин наркы жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар үчүн бирдей болууга тийиш.

Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо жүргүзүүгө кеткен билдирүүчүнүн чыгымдалган каражатынын суммасы продукциянын өздүк наркына тиешелүү болот.

7. Чет мамлекеттердин шайкештикти баалоо жөнүндө документтери (шайкештик сертификаттары, сыноолордун (изилдөөлөрдүн, өлчөөлөрдүн) протоколдору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте таанылат.

(КР 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-25)
