# 23-статья. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185287..1185288>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 23-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-23

---

1. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо билдирүүчү менен сертификаттоо боюнча органдын ортосундагы келишимдин шарттарында билдирүүчүнүн демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо келишимдин стандарттарына жана шарттарына шайкештикти аныктоо үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайкештиги милдеттүү тастыкталууга тийиш болгон продукциянын тизмегине кирбеген, техникалык регламенттер колдонулбай турган продукция гана шайкештикти ыктыярдуу тастыктоонун объектиси боло алат.

2. Сертификаттоо боюнча орган:

шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо объекттердин шайкештигин тастыктоону жүзөгө ашырат; ыктыярдуу сертификаттоодон өткөн объекттерге шайкештик сертификатын берет; эгерде шайкештик белгисин колдонуу ыктыярдуу сертификатоонун тиешелүү тутуму аркылуу каралса, билдирүүчүлөргө шайкештик белгисин колдонууга укук берет; шайкештик сертификатынын колдонулушун токтото турат же токтоттурат.

3. Ыктыярдуу сертификаттоо тутуму юридикалык жак тарабынан түзүлөт. Ыктыярдуу сертификаттоо тутумун түзгөн юридикалык жак сертификаттоого тийиш болгон, аларга шайкештиги боюнча ыктыярдуу сертификаттоо жүзөгө ашырыла турган обьекттердин тизмегин жана алардын мүнөздөмөлөрүн, ыктыярдуу сертификаттоонун ушул тутумунда каралган иштерди аткаруунун эрежелерин жана аларга төлөө тартибин, берилген сертификаттардын реестрин жүргүзүүнү белгилейт жана ушул ыктыярдуу сертификаттоо тутумунун катышуучуларын аныктайт. Сертификаттоо тутумунда шайкештик белгисин колдонуу каралышы мүмкүн.

4. Шайкештик тастыкталбаган объекттерди шайкештик белгиси менен маркировкалоого жол берилбейт.

(КР 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-24)
