23-статья. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · IV Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2022 года № 79
1. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо билдирүүчү менен сертификаттоо боюнча органдын ортосундагы келишимдин шарттарында билдирүүчүнүн демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо келишимдин стандарттарына жана шарттарына шайкештикти аныктоо үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайкештиги милдеттүү тастыкталууга тийиш болгон продукциянын тизмегине кирбеген, техникалык регламенттер колдонулбай турган продукция гана шайкештикти ыктыярдуу тастыктоонун объектиси боло алат.
2. Сертификаттоо боюнча орган:
шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо объекттердин шайкештигин тастыктоону жүзөгө ашырат; ыктыярдуу сертификаттоодон өткөн объекттерге шайкештик сертификатын берет; эгерде шайкештик белгисин колдонуу ыктыярдуу сертификатоонун тиешелүү тутуму аркылуу каралса, билдирүүчүлөргө шайкештик белгисин колдонууга укук берет; шайкештик сертификатынын колдонулушун токтото турат же токтоттурат.
3. Ыктыярдуу сертификаттоо тутуму юридикалык жак тарабынан түзүлөт. Ыктыярдуу сертификаттоо тутумун түзгөн юридикалык жак сертификаттоого тийиш болгон, аларга шайкештиги боюнча ыктыярдуу сертификаттоо жүзөгө ашырыла турган обьекттердин тизмегин жана алардын мүнөздөмөлөрүн, ыктыярдуу сертификаттоонун ушул тутумунда каралган иштерди аткаруунун эрежелерин жана аларга төлөө тартибин, берилген сертификаттардын реестрин жүргүзүүнү белгилейт жана ушул ыктыярдуу сертификаттоо тутумунун катышуучуларын аныктайт. Сертификаттоо тутумунда шайкештик белгисин колдонуу каралышы мүмкүн.
4. Шайкештик тастыкталбаган объекттерди шайкештик белгиси менен маркировкалоого жол берилбейт.
(КР 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>