# 21-статья. Шайкештикти тастыктоо принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2022 [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415); 25.12.2014 [Закон КР 25 декабря 2014 года № 163 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики “Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205384); 15.11.2014 [Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205374); 16.11.2009 [Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203232)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185287..1185288>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 21-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-21

---

1. Шайкештикти тастыктоо төмөндөгү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

бардык таламдаш жактар үчүн шайкештикти тастыктоо жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө маалыматтардын ачыктыгы жана алуу мүмкүнчүлүгү; объекттерге карата техникалык регламенттердин талаптары болбогондо шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоону колдонууга жол берилбестиги; сертификаттоо боюнча органдардын даярдоочулардан, сатуучулардан жана сатып алуучулардан көз карандысыздыгы; тиешелүү техникалык регламентте айкын продукцияга карата шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасынын жана схемасынын толук бүткөрүлгөн тизмегин белгилөөгө; айкын продукцияга карата шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы менен схемасын билдирүүчү тарабынан тандап алуу мүмкүнчүлүгү; шайкештикти тастыктоо жол-жобосун жүргүзүүнүн мөөнөтүн жана билдирүүчүнүн чыгымдарын мүмкүн болушунча азайтуусу; шайкештикти тастыктоодо ыктыярдуу жол-жободон өтүүгө билдирүүчүлөрдү мажбурлоого жол берилбестиги; билдирүүчүлөрдүн мүлктүк таламдарын, анын ичинде шайкештикти тастыктоо жол-жобосунун жүрүшүндө алынган маалыматтарга карата коммерциялык сырды сактоо жолу менен коргоого; шайкештикти милдеттүү түрдө ырастоону ыктыярдуу сертификациялоо менен алмаштырууга жол берилбестиги; шайкештикти тастыктоо боюнча ишти мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү боюнча иш менен айкалыштырууга жол берилбестиги.

2. Жол-жоболор тигил же бул продукцияга же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, жумушту аткарууга, кызмат көрсөтүүгө өндүрүү (ишке ашыруу өлкөсүнө жана/же жерине бүтүмдөрдүн жана/же даярдоочу, тапшыруучу, аткаруучу, сатуучу, сатып алуучу болуп эсептелген жактардын мүнөздөрүнө же өзгөчөлүктөрүнө карабай бир түрдүү жана бирдей өлчөмдө иштеп чыгарылат жана колдонулат.

3. Шайкештикти тастыктоо эрежелери менен жол-жоболору бир беткей иштелип чыгат жана кабыл алынат жана импорттолуучу продукциялар үчүн да бирдей колдонулат.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-22)
