# 2-статья. Техникалык жөнгө салуунун принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2022 [Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112415); 18.07.2019 [Закон КР от 18 июля 2019 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111937); 25.12.2014 [Закон КР 25 декабря 2014 года № 163 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики “Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205384); 16.11.2009 [Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203232)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185287..1185288>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 2-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-2

---

Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу төмөндөгү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат: продукцияга же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө коюлуучу талаптарды белгилөө эрежелеринин бирдиктүүлүгү; техникалык жөнгө салуунун улуттук экономиканын таламдарына жана илимий-техникалык жактан өнүгүү деңгээлине, ошондой эле эларалык ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги; аккредиттөө боюнча органдардын, сертификаттоо боюнча органдардын, контролдоо органдарынын, мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын даярдоочулардан, сатуучулардан, аткаруучулардан жана сатып алуучулардан көз карандысыздыгы; тутумдун бирдейлиги жана аккредиттөө эрежелеринин бирдейлиги; ченеп-өлчөө тутумунун бирдейлиги; шайкештикти баалоону өткөргөндө сыноонун жана ченеп-өлчөө усулдарынын жана эрежелеринин бирдейлиги; бүтүмдөрдүн түрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө карабастан техникалык регламенттердин талаптарын колдонуунун бирдейлиги; персоналдар тарабынан изилденген чөйрөлөрдө атайын даярдалган шайкештикти милдеттүү баалоо боюнча иштерди өткөрүү; аккредиттөө жаатын кошпогондо, шайкештикти баалоо жаатында атаандаштыкты чектөөгө жол берилбестиги; техникалык регламенттердин жана сертификаттоо боюнча органдын талаптарын сактоону текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аткаруу бийлигинин иш-милдеттерин бир уюмга кошо аткарууга жол берилбестиги; бир уюмда аккредитациялоо, шайкештикти тастыктоо жана мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды айкалыштырууга жол берилбестиги; техникалык регламенттердин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) бюджеттен сырткары каржылоого жол берилбестиги. (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 90, 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-3)
