# 13-статья. Техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун өзгөчө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205374)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.11.2014 [Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205374); 16.11.2009 [Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203232)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185280..1185281>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 13-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-13

---

1. Эгерде жеке жактардын, жаныбарлардын жашоосуна жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө, айлана-чөйрөгө, продукцияга, жана/же ага коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түздөн-түз же тикелей коркунуч келтире тургандыгы далилденгенде техникалык регламентти токтоосуз кабыл алуу зарылчылыгы туулса Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аны элдик талкуусуз эле кабыл алат.

Бул учурда техникалык регламент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен колдонууга киргизилет, анда техникалык регламентти токтоосуз колдонууга киргизүүнүн зарылдыгынын негиздемеси камтылууга тийиш. Бул техникалык регламенттин колдонуу мөөнөтү бир жылдан ашпоого тийиш.

2. Эгерде, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн техникалык регламент ушул Мыйзамдын жана 5-статьянын максаттарынын талаптарына жооп берсе, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул техникалык регламенти колдонууга киргизилиши менен бирге эле, ушул Мыйзамдын 9-статьясынын жоболорун сактоо менен иштелип чыккан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет. Ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык иштелип чыккан техникалык регламент колдонууга киргизилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен колдонууга киргизилген техникалык регламент күчүн жоготот.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-12)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-20)
