# 12-статья. Техникалык регламенттерди өзгөртүүнүн жана жокко чыгаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203232)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185278..1185279>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 12-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-12

---

1. Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып беш жылдын ичинде техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттин, ушул Мыйзамдын 5-статьясындагы 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга, ошондой эле эл аралык, региондук стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келүү жүйөсүнө экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 565 “Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому

2. Эгерде техникалык регламентти кабыл алууну шарттаган жагдайлар жана максаттар өзгөрүлсө же жоюлса, ал өзгөртүлүүгө же жокко чыгарылууга тийиш.

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн жагдайлар түзүлгөндө техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламентти өзгөртүү же жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого милдеттүү.

3. Техникалык регламентке өзгөртүүлөр менен толуктоолорду иштеп чыгуу жөнүндө кабарлама техникалык регламентти иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте жарыяланат. Техникалык регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү техникалык регламентти кайрадан иштеп чыгуу үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-13)
