12-статья. Техникалык регламенттерди өзгөртүүнүн жана жокко чыгаруунун тартиби
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · II Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299
1. Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып беш жылдын ичинде техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттин, ушул Мыйзамдын 5-статьясындагы 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга, ошондой эле эл аралык, региондук стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келүү жүйөсүнө экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 565 “Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому
2. Эгерде техникалык регламентти кабыл алууну шарттаган жагдайлар жана максаттар өзгөрүлсө же жоюлса, ал өзгөртүлүүгө же жокко чыгарылууга тийиш.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн жагдайлар түзүлгөндө техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламентти өзгөртүү же жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого милдеттүү.
3. Техникалык регламентке өзгөртүүлөр менен толуктоолорду иштеп чыгуу жөнүндө кабарлама техникалык регламентти иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте жарыяланат. Техникалык регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү техникалык регламентти кайрадан иштеп чыгуу үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы №565 "Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону…Постановление · 04.08.2006 · № 565 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>