# 11-статья. Техникалык регламенттерди кабыл алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1453)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2021 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по приведению в соответствие с кодексами Кыргызской Республики о нарушениях и о проступках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112198)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2021 [Закон КР от 23 марта 2021 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по приведению в соответствие с кодексами Кыргызской Республики о нарушениях и о проступках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112198); 25.12.2014 [Закон КР 25 декабря 2014 года № 163 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики “Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205384); 15.11.2014 [Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205374)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453#diff=1185286..1185287>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1453/edition/1185278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1453/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, 11-статья (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-11

---

1. Иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссиянын корутундусунун негизинде техникалык регламенттин долбоорун макулдашууга жиберет.

Макулдашуу жол-жобосун өткөргөндөн кийин иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) техникалык регламенттин долбоорун бардык коштомо документтери менен бирге техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берет. Ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу жол-жобосу сакталбаган учурда, техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгиленген жол-жобону аткаруу үчүн техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) кайтарып берүүгө милдеттүү.

11. Техникалык регламент Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин техникалык регламент ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык мыйзам же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому түрүндө кабыл алынышы мүмкүн.

2. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттин долбоорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жиберет.

Техникалык регламенттин долбоору эксперттик комиссиянын корутундусу, түшүндүрмө каты, аны кабыл алуунун зарылдыгы жөнүндө финансы-экономикалык негиздеме жана пикир келишпөөчүлүктүн тизмеги (алар болсо) менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жиберилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети техникалык регламенттин долбоорун белгиленген тартипте карап чыгат жана аны бекитүү тууралуу чечим чыгарат. Техникалык регламенттин долбоору мыйзам формасында кабыл алынган учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу чечим кабыл алат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберет.

3. Кабыл алынбай калган учурда, ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген талаптарга ылайык толуктап иштеп чыгуу жол-жоболорун жүргүзүү же долбоордун үстүнөн иштөөнү токтотуу үчүн техникалык регламенттин долбоору иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) кайтарылат.

4. Техникалык регламент расмий жарыяланган учурдан тартып алты айдан эрте колдонууга киргизилбейт.

(КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2021-жылдын 23-мартындагы № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1453/st-12)
