# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 324 "2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 324 "2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 324
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14516>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2946/edition/957622/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14516.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 324 "2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (28.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14516

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-июну № 324 2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирсин.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-июлундагы N 56 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
