Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 „Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-июлу № 336 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын көтөрүүчү жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында, "Дене-тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Стипендиялар бир жылдык мөөнөткө дайындалат. Стипендияны дайындоо дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн критерийлерди спортчу аткарган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып дайындалат. Эгерде спорттун түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты жана Азия чемпионаты эки жылда бир жолу өткөрүлсө, анда мындай мелдештерде байгелүү орундарды ээлегендиги үчүн стипендия эки жылдык мөөнөткө дайындалат. Мелдештердин бир нече түрүнөн спортчу байгелүү орундарды жеңип алган учурда стипендия эң жогорку көрсөткүч боюнча дайындалат.";
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча.
№
Иш-чаралардын аталыштары
I категория
II категория
III категория
IV категория
V категория
VI категория
VII категория
Ээлеген орундар
1
Олимпиадалык оюндар (Паралимпиадалык оюндар)
1
2
3
4
5
6
2
Сурдлимпиадалык оюндар
1
2
3
3
Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндары
1
2
3
4
Азия оюндары (Азия Пара оюндары)
1
2
3
5
Дүйнөлүк чемпионат:
- чоңдор
1
2
3
4-5
- жаштар (ошондой эле U23)
1
2
3
- өспүрүмдөр (кадеттер)
1
2
3
6
Азия чемпионаты:
- чоңдор
1
2
3
- жаштар (ошондой эле U23)
1
2
3
- өспүрүмдөр (кадеттер)
1
2
3
7
Дүйнөлүк универсиада
1
2
3
8
Студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионат
1
2
3
9
Ислам тилектештик оюндары
1
2
3
10
Дүйнөлүк чемпионат - Дүйнөлүк кубок (паралимпиадалык түрлөрү боюнча):
- чоңдор
1
2
3
4-5
- жаштар
1
2
3
- өспүрүмдөр (кадеттер)
1
2
3
11
Дүйнөлүк чемпионат (сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча):
- чоңдор
1
2
3
- жаштар
1
2
3
- өспүрүмдөр (кадеттер)
1
2
3
12
А категориясындагы эл аралык мелдештер
1
2
3
";
3-главадагы эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- Олимпиадалык (паралимпиадалык) оюндарга катышууга лицензия алган спортчуларга I категориядагы стипендия (Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык (паралимпиадалык) комитети тастыктаган күндөн тартып) дайындалат;
- Кыргыз Республикасынын спорт түрлөрүнүн жана спорт сабактарынын улуттук реестринин А тобуна кирген спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча А категориядагы эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга 5тен кем эмес өлкөдөн спортчулар катышкан шартта стипендия дайындалат.";
- 12-пунктунун биринчи абзацы "ай сайын берилүүчү стипендия" деген сөздөрдөн кийин "ушул жобонун 5-пунктунда чагылдырылган стипендияларды төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийин," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 9-июлунда N 57 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 23.11.2018 · № 554
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон