# 29-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1439)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 17 июля 2023 года № 140 "О государственном языке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112618)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2010 года № 8 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственном языке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202902)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1439#diff=1264986..1264987>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1376/edition/1264985/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1439/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө, 29-статья (17.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-29

---

Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдерде берилет. Товарлар жөнүндө чет тилдеги атайын маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту жана башкалар) импорттоочу фирмалардын эсебинен мамлекеттик жана расмий тилдерге которулат. Товардык белгилерди коюуда фирма тарабынан бекитилген аталыштар башка тилдерге которулбастан сакталат. (КР 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 7-1-глава Мамлекеттик тилди чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде пайдалануу

(Глава КР 2010-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-28)  
Кийинки берене: [29-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-29-1)
