# 18-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1439)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 17 июля 2023 года № 140 "О государственном языке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112618)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1376/edition/1264985/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1439/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө, 18-статья (17.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-18

---

Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда мамлекеттик тил республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, кесиптик билим берүүнүн башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында, кошумча кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат. Окутуу расмий же башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки мекемелерде, жалпы орто билим берүүчү мекемелерде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда), кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринде окутуунун бардык учурунда мамлекеттик тилди окутуу жана үйрөтүү камсыз кылынат. Окутуу расмий жана башка тилдерде жүргүзүлгөн кесиптик орто жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген көлөмдө жүзөгө ашырылат. Жалпы билим берүүчү мекемелерде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда) мамлекеттик тил боюнча жазуу жүзүндө класстан - класска көчүрүү, бүтүрүү, ал эми кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында кирүү жана бүтүрүү экзамендери милдеттүү түрдө киргизилет.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-19)
