# 10-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1439)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 17 июля 2023 года № 140 "О государственном языке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112618)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203840)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1439#diff=1264988..1264989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1376/edition/1264985/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1439/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө, 10-статья (17.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-10

---

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери мамлекеттик тилде кабыл алынат жана мыйзамдарда каралган учурларда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат. Мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жашаган адамдардын санынын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1439/st-11)
