# 9-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин укуктук абалы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1438)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-мартындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об органе Кыргызской Республики по контролю наркотиков"](https://aqlex.ai/kg/doc/202903)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1375/edition/401931/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1438/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 9-статья (25.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-9

---

Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта турган, белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган адам анын кызматкери болуп саналат, ага ушул Мыйзамдын жоболору жайылтылат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин атайын наамы аскер наамына теңештирилет. Атайын наамдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен, ал эми аларды ыйгаруу тартиби - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мыйзамдуу талаптары жарандардын жана кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, мазактоо, каршылык көрсөтүү, уруп-сабайм деп коркутуу же анын өмүрүнө, ден соолугуна, аброюна жана беделине доо кетирүү жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоол болгон дагы башка аракеттери жана анын кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына кандай гана зыян келтирүү коркунучу болбосун, мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана пенсионерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерине жана Куралдуу Күчтөрдүн пенсионерлерине каралган бардык жеңилдиктер жайылтылат.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-10)
