# 2-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын негизги милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1438)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-мартындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об органе Кыргызской Республики по контролю наркотиков"](https://aqlex.ai/kg/doc/202903)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1375/edition/401931/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1438/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 2-статья (25.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-2

---

Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:

- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу;

- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу иш-чараларын жүзөгө ашырууга тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын эриш-аркак иштешин камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө караштуу кылмыштарды табуу, алдын алуу, жол бербөө, ачуу жана тергөө;

- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу жаатында эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен эриш-аркак иштешүүнү жана маалымат менен алмашууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле эл аралык уюмдарда баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирүү;

- белгиленген тартипте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу жаатында эл аралык келишимдерди түзүү.

Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын бөлүкчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткарууга тартууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-3)
