Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерин мамлекеттик камсыздандыруу жана ал курман болгон же мертинген учурда зыяндын ордун толтуруу
Күчүн жоготкон · 25.01.2010 редакциясы · IV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле дагы башка каражаттардын эсебинен милдеттүү түрдө жекече камсыздандырууга алынышат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык милдетин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгондо же кызмат өтөө мезгилинде алган жараатынын, мертинүүсүнүн, оорусунун кесепетинен кызматтан бошотулгандан кийин курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлөсүнө жана багуусундагы адамдарга курман болгон (өлгөн) адамдын акыркы иштеген кызмат орунундагы милдеттүү жекече мамлекеттик камсыздандыруу каражатынан жыйырма жылдык маянасынын өлчөмүндөгү бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет. Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө коммуналдык тейлөө, отун (электр энергиясы), эксплуатациялык чыгымдар үчүн акы төлөөнү жеңилдетүү укугу сакталат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлөсүнө же анын багуусундагыларга баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу анын бир айлык маянасынын өлчөмүнө барабар болгон пенсия (өмүр бою) чектелип берилет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинсе, жаракат алса же ден соолугуна башка бир залал келтирилсе, майыптык боюнча чектелген пенсиянын суммасынан ашык өлчөмүндөгү акчалай компенсация баңги заттарды контролдоо боюнча органдын каражаттарынын эсебинен төлөнүп берилет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу денесине залал келтирилгендигинен улам андан ары кызмат өтөөгө жараксыз болуп калса, ага милдеттүү жекече мамлекеттик камсыздандыруу каражатынан он жылдык маянасынын өлчөмүндөгү бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызмат өтөө учурунда алган жарааттын, денесине залал келүүнүн, оорунун айынан кызматынан төмөндөгөн мезгилде акыркы кызматынан төмөндөй электеги маянасы (компенсация) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын каражаттарынын эсебинен төлөнүп берилет.
Берененин тексти 25.01.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1438/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>