# 16-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1438)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-мартындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об органе Кыргызской Республики по контролю наркотиков"](https://aqlex.ai/kg/doc/202903)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1375/edition/401931/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1438/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 16-статья (25.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-16

---

Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өзүнүн кызматкерлери үчүн турак жай сатып алууга укуктуу. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана кызматтан курагына, ден соолугуна, штаттарды кыскартууга байланыштуу бошотулган жана 20 календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдарга, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматтык ишин аткарууга байланыштуу курман болгон же өлгөн кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жана ведомстволук турак-жай фондусунан ээлеп турган турак-жайлары менчикке бекер берилет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) кызматкердин кызмат өтөө мөөнөтүнө жана кызматтык турак жайда жашаган мезгилине карабастан, үй-бүлө мүчөлөрү башка турак жай берилмейинче кызматтык турак жайдан чыгарылбайт. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине мыйзамда белгиленген тартипте ссудаларды тындыруу менен өзүмдүк, кооперативдик жана дачалык үй курууга пайызсыз же жеңилдетилген ссудалар берилиши мүмкүн. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана алардын чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн турак жайдын кайсы фондго (анын ичинде менчиктештирилген) таандык экендигине карабастан, турак жай аянты, коммуналдык тейлөө, отун (электр энергиясы) жана турак жайды кармоого эксплуатациялык чыгымдарды төлөө боюнча белгиленген тартипте жеңилдиктер берилет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда анын үй-бүлөсүнө зарыл болгондо турак жай аянтын кезексиз алууга же турак жай шартын жакшыртууга укук берилет. Жарандардын менчигине таандык болгон турак үйлөрдү келишим боюнча жалдап турушкан баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тиешелүү сметаларынын эсебинен белгиленген өлчөмдөгү компенсация төлөнүп берилет. Офицердик курамдагы полковник жана андан жогорку наамдагы кызматта турган жана запаска же отставкага бошотулган адамдарга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кошумча турак жай берилет.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-17)
