# 13-статья. Атайын каражаттарды колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1438)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-мартындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об органе Кыргызской Республики по контролю наркотиков"](https://aqlex.ai/kg/doc/202903)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1375/edition/401931/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1438/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 13-статья (25.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-13

---

Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери алардын куралдануусунда болгон атайын каражаттарды төмөндөгүдөй учурларда колдонушат:

1) жеке адамдарга баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн башка адамдарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

2) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын имараттарына, курулмаларына, имарат жайларына, транспорт каражаттарына кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

3) эгерде укук бузуучулар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын "кызматкерлерине баш ийбесе же каршылык көрсөтсө, кармалгандарды жана - камакка алынгандарды коштоп жүрүү жана кайтаруу үчүн болбосо эгерде алардын качып кетиши же айланасындагыларга же өзүнө зыян келтириши мүмкүн деп ойлоого негиздер болсо, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине өздөрүнө мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырууга атайылап тоскоолдук кылган адамдарды кармоо үчүн.

Өмүргө коркунуч келтирип кол салгандан, тобу менен кол салгандан болбосо куралдуу каршылык көрсөткөндөн башка учурларда аялдарга, жаш балдарга, майып экендиги ачык көрүнүп турган адамдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат. Атайын каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1438/st-14)
