1-статья
Күчүн жоготкон · 09.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 марта 2023 года № 54.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж, N 9, 320-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Жеке нотариус ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн, мамлекет тарабынан берилген милдеттерди жүзөгө ашырат.".
2. 4-статьяда:
биринчи бөлүгүндөгү "квалификациялык экзамен тапшырган" деген сөздөр "аттестациядан өткөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын: "Нотариустар нотариалдык палата түзүүгө укуктуу.".
3. 11-статьяда:
экинчи бөлүктө:
- "квалификациялык экзамен тапшыргандан" деген сөздөр "аттестациядан өткөндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Эгерде жеке нотариалдык иш жүзөгө ашырылган мезгилде лицензиянын күч-аракети ушул Мыйзамдын 13-статьясынын экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча токтотулуп турбаса, лицензиянын күч-аракети аттестациядан өтпөстөн эле улам кийинки 5 жылга узартылып турат.";
төртүнчү бөлүктөгү "квалификациялык экзаменди кайталап тапшыргандан" деген сөздөр "аттестациядан кайталап өткөндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 12-статьяда:
биринчи бөлүк "Квалификациялык комиссия" деген сөздөрдөн кийин "нотариалдык палатанын өкүлдөрүнүн катышуусу менен" деген сөздөр менен толукталсын; үчүнчү бөлүктөгү "адамдардан экзамен алат" деген сөздөр "адамдарды аттестациядан өткөрөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын; бешинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аттестациядан өтпөй калган адамдарга квалификациялык комиссиянын чечими кабыл алынгандан кийин бир жылдан эрте эмес кайталап аттестациядан өтүүгө жол берилет.".
5. 13-статьянын аталышындагы жана текстиндеги "андан ажыратуу", "лицензиядан нотариусту ажыратуу", "лицензиядан ажыратуу жөнүндө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "аны кайра алуу", "лицензияны нотариустан кайра алуу", "Лицензияны кайра алуу жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 17-статьянын бешинчи жана алтынчы бөлүктөрү алып салынсын.
7. 20-статьянын биринчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жеке жана юридикалык жактардан нотариалдык күч-аракеттерди жасоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат. Көрсөтүлгөн адамдар маалыматтарды жана документтерди (анын ичинде кошумчаларды) алар келип түшкөн учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.".
8. 22-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Жеке нотариалдык кеңседе иштеген" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 09.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1436/st-1" title="1-статья - О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>