# Закон КР от 28 марта 2004 года №50 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1372/edition/1234047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 28 марта 2004 года №50 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате" (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1435

---

КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 28-марты № 50

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1435/st-1)

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору,1998-ж, N 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 23-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "кеңсенин" деген сөз "жеке нотариустун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 24-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жеке нотариустун ишин каржылоо булактары ал нотариалдык аракеттер жасагандыгы жана укуктук жана техникалык мүнөздөгү кызматтар көрсөткөндүгү үчүн алган каражаттары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка төгүмдөр болуп саналат. Жекече нотариус салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин алган акча каражаттары анын менчигине келип түшөт.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1435/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

2004-жылдын 13-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
