Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Закон КР « О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О нотариате»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-09.
КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 28-марты № 50
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-статья. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору,1998-ж, N 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 23-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "кеңсенин" деген сөз "жеке нотариустун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 24-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке нотариустун ишин каржылоо булактары ал нотариалдык аракеттер жасагандыгы жана укуктук жана техникалык мүнөздөгү кызматтар көрсөткөндүгү үчүн алган каражаттары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка төгүмдөр болуп саналат. Жекече нотариус салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин алган акча каражаттары анын менчигине келип түшөт.".
2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
2004-жылдын 13-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
- Нотариат жөнүндөЗакон · 30.05.1998 · № 70 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54